Бугу 18, 2024
Убакыт: 18:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сыймык Жапыкеев: Ишкерлерге кысым кылган Финполдун кызматкерлери кызматынан алынат

24.11.2020 10:32
904
Сыймык Жапыкеев: Ишкерлерге кысым кылган Финполдун кызматкерлери кызматынан алынат

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча  мамлекеттик кызматтын төрагасы  Сыймык Жапыкеев ишкерлерге эч кандай кысым болбой турганын айтты. Бул тууралуу ал Ишкерлердин укуктарын коргоо жана инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу маселеси боюнча жыйында билдирди. 


"Биздин башкы жана негизги милдетибиз — бизнести коргоо, мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын камсыз кылуу. Ак ниетсиз, коррупциялашкан аткаминерлердин бизнеске кысым көрсөтүүсүнө жол берген терс факторлорду жок кылуу керек. Фискалдык органдардын ашыкча активдүүлүгү мамлекеттин ишкердик климатына ушундай оор мезгилде тоскоол болууда. Финансы полициясы ишкерлерге кысым көрсөтүү жана аларды негизсиз куугунтуктоо фактыларын кылдат тергеши керек" — деди Жапыкеев.


Ал Финансы полициясына жарандарды жана ишкерлерди жалпы республика боюнча үзгүлтүксүз кабыл алууну уюштурууну тапшырды.


Жапыкеев эгер ага мыйзамсыз жүрүм-турум жөнүндө же Финансы полициясынын кызматкерлеринин мыйзамдуу бизнестин ишмердигине кандайдыр бир кысым көрсөткөндүгү жөнүндө маалымат жетип калса, жумуштан бошотууга чейинки эң катаал чаралар көрүлөрүн эскертти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн