Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сочиде С.Жээнбеков В.Путин менен жолугушту

28.09.2020 18:00
1045
Сочиде С.Жээнбеков В.Путин менен жолугушту


Сочи шаарында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Россиянын президенти Владимир Путиндин жолугушусу өттү, деп билдирет Кремлдин басма сөз кызматы. 


Жолугушуу учурунда эки тараптуу стратегиялык жана соода-экономикалык тармак боюнча кызматташуу маселелери талкууланды. 


"Биз силердин Россияга болгон жумушчу иш сапарыңарды пандемияга байланыштуу жылдырууга аргасыз болдук. Бирок, жашоо жана жумуш улана берет экен. Жакында эле, сентябрда Бишкекте соода-экономикалык кызматташуу боюнча комиссиялар аралык жолугушуу өттү. Өткөн жылы бизде соода жүгүртүү кыйла жогорулаганын белгилеп кетким келет. Бул жакшы көрсөткүч", - деди Путин. 


Россиянын президенти Кыргызстандын президенти менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө жана эки тармактуу кызматташуу тууралуу сүйлөшкөнүнө кубанычта экенин белгиледи. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн