Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Согуш ардагерлеринин жѳлѳк пулун кѳтѳрүү сунушталууда

11.02.2020 15:26
686
Согуш ардагерлеринин жѳлѳк пулун кѳтѳрүү сунушталууда


Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жыл сайын берилүүчү жөлөк пулун кѳтѳрүүнү сунуштап жатат. Анда жѳлѳк пулду 5 миң сомго жогорулатуу каралууда. Мындай токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу министрликтен маалымдады.

Маалыматка караганда, азыркы күндѳ  Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, майып болгондор, Ленинград блокадачылары жана концлагердин жашы жете элек туткундары 15 миң сом, оруктун эмгекчилери, согушта курман болгондордун жесирлери 10 миң сом алат.

Ушул жылдын 15-январына карата Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, оруктун эмгекчилери жана согушта курман болгондордун жесирлеринин саны 2 миң 76 кишини түзѳт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн