Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 10:24
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Сокулук районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Сокулук районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды


Сокулук районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 8-декабрында саат 21:00 чамасында Сокулук районунун Жал айылындагы үйлөрдүн биринде 1973-жылы туулган А.З. жана 1983-жылы туулган Ч.Ж. аттуу жаран спирт ичимдигин ичип отуруп, ортосунда уруш чыгып кеткен. Натыйжада, А.З.нын денесине залал келтирилип, алган жаракатынан улам каза болгон.


Аталган факты Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.


Чүй ОИИБдин жана Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүүгө шектелип 1983-жылы туулган Ч.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Кылмыш иши боюнча бардык керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн