Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:23
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сомдун курсуна эмне таасир тийгизип жатканы айтылды

24.11.2020 09:26
1227
Сомдун курсуна эмне таасир тийгизип жатканы айтылды

Улуттук банктын төрагасы сомдун курсуна ички экономикалык кырдаал таасир этип жатканын айтты. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйыны өттү.


Анда депутат Төрөбай Зулпукаров экономикага түздөн-түз таасир этип жаткан сомдун куну боюнча маселе көтөрдү. "Мурда кыргыз сому орус акча бирдиги менен ээрчишип турчу эле. Бирок акыркы убакта сомдун курсу түшүп кеткени байкалууда. Сомдун кунун түшүрбөө үчүн Улуттук банк кандай чараларды көрүп жатат?" - деп суроо салды.


Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов сомдун курсуна ички экономикалык кырдаал таасирин тийгизип, дүйнөдөгү экономикалык базарга да байланыштуу болуп жатканын жүйө катары келтирди.

"Курстун өсүшүн токтотолу деп аракет көрүп жатабыз. Жыл башынан бери 21 интервенция жасалып, ага 437 миллион доллар коротулду. Акыркы эки айда 100 миллион доллар интервенция жасалган", - деди Абдыгулов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн