Бугу 13, 2025
Убакыт: 19:43
USD
87.30
87.80
EUR
96.80
97.80
RUB
1.060
1.100

Соода жайларын ижарага бергендерге патенттик система ишке кирет

Соода жайларын ижарага бергендерге патенттик система ишке кирет


Базарлардагы соода жайларын ижарага бергендер үчүн жаңы патенттик система ишке кирет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, патенттин негизинде ишке ашырылуучу ишмердиктин түрлөрүнүн бекитилген тизмеси иштин жаңы түрү менен толукталды — "Кыймылсыз мүлктү жалдоо, ижарага берүү: базарлардын жана кичи базарлардын аймагында жайгашкан, соода иши үчүн пайдаланылуучу турак жай эмес аянт".


Бул ишмердиктин түрү жеке жактарга соода ишинде пайдаланылуучу соода жайын субижарага берүүдөн алынган кирешенин суммасынан патенттин негизинде салык төлөө укугун берет.


Салык төлөөчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу онлайн форматта электрондук патентти тариздөө жана төлөө мүмкүнчүлүгү каралган. Ошондой эле жарандар мүлктүн жайгашкан жери боюнча аймактык салык органына кайрыла алышат.


Белгиленгендей, кошумча маалыматты 116 номери аркылуу алууга болот.


Эскерте кетсек, КР президентинин 2025-жылдын 8-январындагы № 1 "Калктын жана ишкердик субъекттеринин салык түйшүгүн азайтуу жана салык салууну администрациялоону өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында КР министрлер кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 84 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн