Бугу 05, 2024
Убакыт: 04:46
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Сот БШКнын талапкерлерди каттоодон баш тартуу боюнча чечимин күчүндө калтырды

22.08.2023 17:41
4097
Сот БШКнын талапкерлерди каттоодон баш тартуу боюнча чечимин күчүндө калтырды


Бишкектин административдик соту Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан үч талапкер Илязбек Якубов, Бакыт Керимбеков жана Куттубек Асылбековду каттоодон баш тартуу боюнча БШКнын чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.


Алар 100 миң сом шайлоо күрөөсүн төлөгөндүгү жана шайлоо фондун түзгөндүгү тууралуу маалымкатты өз убагында тапшырышкан эмес. Бул талапкер катары катталуу үчүн талап кылынган талаптарды бузуу болуп саналат.


Соттун чечимине үч күндүн ичинде Жогорку сотко даттанылышы мүмкүн.


Белгилей кетсек, 10-сентябрда бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда парламенттин депутатын кайра шайлоо өтөт. 21-августта үгүт иштери башталды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн