Бугу 03, 2024
Убакыт: 00:01
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Сот Трампты жалган жалаа үчүн 83,3 млн доллар төлөп берүүгө милдеттендирди

28.01.2024 12:38
1678
Сот Трампты жалган жалаа үчүн 83,3 млн доллар төлөп берүүгө милдеттендирди


Нью-Йорктун соту АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампты жазуучу Элизабет Жин Кэрроллго жалаа жапканы үчүн 83,3 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирди.

Кэрролл 1996-жылы дүкөндүн кийимдерди кийип көрүү бөлмөсүндө Трамп аны зордуктаганын четке кагуу менен аброюна доо кетирген деп билдирген. Сот Трампты 2023-жылдын май айында Кэрроллго сексуалдык ыдык көрсөтүүгө жана жалаа жабууга айыптуу деп таап, жазуучуга 5 миллион доллардай компенсация төлөп берген.

Трамп соттун чечимине каршы даттануу ниетин билдирген. Ал соттук отурумга катышкан, бирок сот чечимин чыгарып жаткан учурда болгон эмес. "Отурумдун жүрүшүндө Трамп бул иш "алдамчылык" жана "бүбү-бакшыларга аңчылык" экенин жана ал дагы эле Кэрроллдун ким экенин билбестигин күбүрөгөнү угулду. Судья андан тынч отуруусун эки жолу суранган", - деп билдирет Reuters.

Трамп сот учурунда буга чейин айткан жообун кайталаган. Мурдарак ал Кэроллдун айыптоосу "ойдон чыгарылганын" айткан жана аны "психикалык жактан оорулуу" деп сыппаттаган. Ал Кэроллду 2019-жылы чыгарган китебинин сатыгын көтөрүү үчүн зордуктоо тууралуу окуяны ойлоп тапканын белгилеп келет.

Кэролл соттун чечимин колдоду. "Бул жыгылгандан кийин кайра бутуну турган ар бир аял үчүн чоң жеңиш, жана аялдарды эзген ар бир агрессор үчүн чоң жеңилүү", - деп айткан.

Экс-президентке буга чейин үч кылмыш ишине байланыштуу айыбы угузулган. Аларда Трамп соңку президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга, жашыруун документтерди мыйзамсыз сактап турууга жана порнографиялык тасмаларга тартылган актриса Сторми Дэниэлстин оозун жабуу үчүн акча берүүгө байланыштуу күнөөлөнгөн.

Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга аракет кылган деген айып менен козголгон кылмыш ишин сотто териштирүү келерки жылы мартта башталат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн