Баш оона 05, 2025
Убакыт: 09:14
USD
87.30
87.80
EUR
100.60
101.60
RUB
1.085
1.110

Судьясы каза болгон Ош шаардык соту карантинге алынды

15.07.2020 19:13
1783
Судьясы каза болгон Ош шаардык соту карантинге алынды


Бүгүн, 15-июлда Ош шаардык соту карантинге алынды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан
мекемени жабуу боюнча корутунду келген. Бардык кызматкерлер үй карантинге чыгарылган.

Белгилей кетсек, Ош шаардык сотунда 2 судьядан пневмония, 7 кызматкерден коронавирус аныкталган. Пневмонияга кабылган судьянын бири бүгүн, 15-июлда каза болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн