Кулжа 21, 2025
Убакыт: 17:18
USD
87.20
87.70
EUR
100.10
101.10
RUB
1.100
1.130

Сулейман Сойлу «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барды

08.11.2022 20:17
451
Сулейман Сойлу «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барды


Түркия Республикасынын Ички иштер министри Сулейман Сойлунун жумушчу сапарынын алкагында бүгүн, 8-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков жана ИИМдин кызматтарынын жетекчилери катышты.


Иш-чаранын катышуучулары 1916-жылдагы коогалаңда курман болгондорду эскерүү мемориалына, Саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелик мемориалына, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюшту. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн