Кулжа 19, 2025
Убакыт: 18:30
USD
87.30
87.80
EUR
99.70
100.70
RUB
1.107
1.140

Суу камдап алыңыз. Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт (тизме)

25.04.2022 10:53
768
Суу камдап алыңыз. Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт (тизме)

Эртең, 26-апрелде Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу убактылуу жок болот. Бул тууралуу “Бишкексууканал” башкармалыгынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 21:00гө чейин Л.Толстой - М.Горький (Пригородное айылы) көчөлөрү, Алыкулов көчөсү - Ала-Арча суусу менен чектелген райондо, ошондой эле Аскер шаарчасы, Кызыл-Аскер, 110-квартал, “Достук” кичирайонунда суу жок болот.


Суу турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттык сактоо жана социалдык объектилерде жана өнөр жай ишканаларында дагы өчүрүлөт.


Суу кампаларындагы оңдоп-түзөө жылына эки ирет жүргүзүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн