Бугу 19, 2024
Убакыт: 12:10
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сузакта 1 жаштагы кызды кутурган ит тиштеп алган

26.04.2021 18:48
2395
Сузакта 1 жаштагы кызды кутурган ит тиштеп алган

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жолбун ит 1,3 жашар кызга асылып, бетин тиштеп алган. Бул тууралуу кыздын  апасы Гулиза Жолдошова  "7-канлага" билдирген.


Анын айтымында, 8-апрель саат 3-4төр чамасында жаңы курулуш иштерин жүргүзүүгө барган жубайлар үй иштери менен алектенип жүрүшкөндө эшикте ойноп жүргөн 1,3 кызын кутурма ит тиштеп алган.


Ал дароо аймактык ооруканага барган, бирок ал жактан эч кандай жардам ала алган эмес.


«8-апрелде саат 3-4ттөр чамасында менин 1,3 жашар кызымды ит тиштеп, Фельдшердик-акушердик пунктка (ФАП) алып бардым. Ал жердеги врачтар карабай коюшту. Бирөөсү ичип алыптыр. Жада калса биринчи жардам көрсөткөн жок. Ошол боюнча алар бизден кабар да алышкан жок. «Ит тиштесе тиштептир да, бар үйүңө бара бер дешти. Мен аларды укпай шаардык ооуканага келдим. Ал жактагылар кызымдын көзүнөн кан агып турса да, жакшы карабай коюшту. Реанимациядан чыгып 15 күн ооруканада жаттык. Андан кийин, биз кызымды тиштеген ит кутурма экенин билдик. Ошондон бери үнүм эч кимге жетпей жатат. Иттин ээсин да таппай жатабыз”, — дейт ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн