Сузакта адам өлтүрүүгө аракет кылган жаран чек арадан кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын тургуну Р.З. аттуу жаран 14-мартта саат 20:00 чамасында 47 жаштагы кошунасын "сүйлөшүп алалы", – деп көчөгө чакырып, пикир келишпестиктен улам кошунасынын денесине бир нече жолу учтуу нерсе менен сайып, окуя болгон жерден кетип калган.

Натыйжада кошунасы денесинен оор жаракат алып, Сузак райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бул окуя Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүүгө аракет жасоо" беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Сузак РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга шектүү катары Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын тургуну 1982-жылы туулган Р.З. Ош облусунун аймагынан коңшу өлкөгө өтүүгө аракет кылып жаткан учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын баш коргоо чарасы Сузак райондук сотунда каралып, 2 айга камакта калтыруу бөгөт чарасы тандалып алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.