Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:53
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сузакта алдын алуу иш-чарасы учурунда издөөдө жүргөн адам кармалды (сүрөт)

24.06.2020 15:58
1250
Сузакта алдын алуу иш-чарасы учурунда издөөдө жүргөн адам кармалды (сүрөт)

 

Сузак районунда Көчө аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүп, бир топ кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 22-23-июнь күндөрү Сузак РИИБи тарабынан район аймагындагы коомдук жайларда, көчөлөрдө укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка жол бербөө жана коронавирус илдетинин жайылышына бөгөт коюу максатында “Көчө” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлгөн.


Алдын алуу иш-чарасы учурунда 360-берене (эски редакция) менен айыпталып, издөөдө жүргөн 22 жаштагы Т.С. кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошону менен катар “Ээнбаштык” жана “Уурдоо” фактыларынын бети ачылып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.


Иш-чара учурунда бузуулар боюнча 28 протокол түзүлгөн. Андан сырткары жалпы 195 кожолук текшерилип, профилактикалык каттоодо турган атуулдар менен түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн