Жетинин айы 05, 2025
Убакыт: 01:14
USD
87.30
87.80
EUR
100.20
101.20
RUB
1.075
1.105

Сузакта рейддин алкагында 3 өспүрүм социалдык коргоого өткөрүлдү

12.03.2020 15:35
1009
Сузакта рейддин алкагында 3 өспүрүм социалдык коргоого өткөрүлдү


Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу багытында атайын рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, рейддин алкагында кайырчылык кылгандар менен катар 45 кожолук, 5 жер төлөө, 4 компьютердик клуб текшерилип, 3 жаш өспүрүм социалдык коргоо бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.


Түнкү убакыттарда коштоочусу жок оюн клубдарында жүргөн өспүрүмдөр райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, ата-энелерине эскертүүлөр берилди. 


Ошондой эле, оюн-зоок клубдарынын ээлерине жаш өспүрүмдөргө чектөө коюу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн