Бугу 02, 2024
Убакыт: 15:46
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Талас шаарында бюджеттик каражаттарды уурдоо фактысы аныкталды

19.04.2024 11:09
157
Талас шаарында бюджеттик каражаттарды уурдоо фактысы аныкталды


Талас шаарында бюджеттик каражаттарды уурдоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасында материалдык каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу жолу аркылуу акча каражаттарын уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду.

Мындан улам, аталган муниципалдык ишкананын жооптуу жетекчилерине жана кызматкерлерине кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Аудитордук текшерүүнүн алдын ала жыйынтыгы менен мамлекеттин кызыкчылыгына 6 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилгени такталды.

Азыркы учурда бул иштин бардык жагдайларын, ошондой эле коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн