Бугу 03, 2025
Убакыт: 18:04
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Таласта 15 жаштагы окуучу кыз кош бойлуу болуп калган

23.05.2024 12:24
857
Таласта 15 жаштагы окуучу кыз кош бойлуу болуп калган


Таласта 15 жаштагы окуучу кыз кош бойлуу болуп калган, милиция 31 жаштагы эркекти кармады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-майда Айтматов милициясына мектеп мугалимдери тарабынан 15 жаштагы өспүрүм кыздын боюнда бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул боюнча жашы жете элек кыздын апасы дагы милицияга арыз менен кайрылган.

Аталган факты Айтматов РИИБнин кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин "Зордуктоо" беренесинин негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Текшерүү учурунда өспүрүм кыздын 26 жумалык боюнда бар экендиги аныкталып, аталган кылмыш иши боюнча шектүү катары 1993-жылы туулган А.А. кармалган. Ал райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн