Бугу 07, 2024
Убакыт: 07:07
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Таласта Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата документалдуу тасма тартылууда

07.08.2023 10:13
1229
Таласта Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата документалдуу тасма тартылууда


Таласта жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата документалдуу тасма тартылууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 6-августта жазуучунун өмүрү, чыгармачылыгы, туулуп өскөн жери тууралуу документалдык тасма тартуу максатында Санкт-Петербург шаарынан режиссёр Наталья Фянтисева жана Италиядан режиссёр Диаомамтакос Сиева Талас облусуна келди.

Чет өлкөдөн келген конокторду президенттин өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова тосуп алып, тасма тартууну уюштуруу иштерине колдоо көрсөтүп, коштоп жүрдү.

Режиссёрлор Көк-Сай айылындагы "Манас", "Чыңгыз" чокуларын, Маймак станциясын жана Улуттук Манас Ордо комплексин тасмага түшүрүштү.

Белгилей кетсек, документалдуу тасма жазуучунун туулган күнүнө арналган иш-чарада көрүүчүлөргө тартууланат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн