Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 06:31
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Таласта дарыгерлердин айлыгынан кымырып алуу фактысы аныкталган

Таласта дарыгерлердин айлыгынан кымырып алуу фактысы аныкталган

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Талас райондук Жалпы медициналык практика борбордогу медицина кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча акы төлөнбөй жаткандыгы боюнча  билдирүү таратты.


          "УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча Талас райондук Жалпы медициналык практика борборунун администрация жана бухгалтериясына карата тергелип жаткан кылмыш иши аяктады. 

          Тергөөнүн жүрүшүндө 2020-жылдын январь айынан тарта Талас райондук Жалпы медициналык практика борборунун кызматкерлерине эмгекке катышуу коэффициенти (ЭКТ) түрүндөгү эмгек акысына кошумча акы төлөнбөй келгени аныкталган, себебин медициналык кызматкерлердин негизги эмгек акысына коэффициент кошулган деп билдиришкен",- деп айтылат билдирүүдө.

        Ошондой эле  жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Талас районунун Жалпы медициналык практика борборунун жооптуу адамдары кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, административдик-башкаруучу персоналга жана бухгалтерияга негизсиз түрдө эмгек акы фондунун үнөмдөлгөн каражаттарынан эмгек акы өндүрүп жүрүшкөнү аныкталды. 

     

    Жалпысынан 2020-2021-жылдар аралыгында аталган Жалпы медициналык практика борборунун административдик-башкаруучу персоналы жана бухгалтериясы тарабынан мамлекетке 2 миллион 181 миң 260 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген. 

          Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучулар тарабынан келтирилген зыяндын орду толук толтурулган.

          Кылмыш иши тергөөнүн аякташы менен кароо үчүн сотко жиберилет.


          

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн