Бугу 03, 2024
Убакыт: 23:51
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Таласта уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү бангизат менен кармалды

27.02.2024 17:42
366
Таласта уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү бангизат менен кармалды


Таласта милиция кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизат менен кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, январь айынын аягында Чүй жана Талас облустары боюнча уюшкан кылмыштылуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлерине "Темке" аттуу киши баңгизаттарды сактап, сатуу менен алектенип жүргөнү белгилүү болгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө "Темке" аттуу адам Талас облусунун 1978-жылы туулган тургуну К.К. экени аныкталган.

Факт боюнча Талас облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы кылмыш ишин козгоп, 1978-жылы туулган К.К. аттуу жарандын үйүн тинтүү учурунда "марихуана" баңги заты табылып, алынган.

1978-жылы туулган К.К. аттуу жаран ИИМдин ыкчам каттоосунда "Талас бригадасы" уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары турат.

Учурда иш боюнча кошумча тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн