Теке 23, 2025
Убакыт: 22:24
USD
87.30
87.80
EUR
102.00
103.00
RUB
1.105
1.135

Таластагы "Манас Ордо" комплексинде масштабдуу реконструкция иштери жүрүүдө

23.07.2025 13:50
21
Таластагы "Манас Ордо" комплексинде масштабдуу реконструкция иштери жүрүүдө


Таластагы Кыргыз улуттук "Манас Ордо" комплексинде масштабдуу реконструкция иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.


Бугүн министр Нурдан Орунтаев реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты.


Улуттук комплекстин реконструкция иштери 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоорго ылайык, заманбап конгресс-холл, 1000 чарчы метрди түзгөн беш конок үйү жана эки кабаттуу административдик имарат курулат. Реконструкциянын алкагында комплекстин аянты кеңейтилет.


Эске салсак, аталган комплекс соңку 30 жылда алгачкы жолу ири масштабдагы реконструкциядан өтүүдө. Реконструкциянын максаты имараттарды оңдоп-түзөө эмес, "Манас Ордо" комплексин Борбор Азиядагы уникалдуу маданий жана технологиялык борборго айлантуу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн