Бугу 06, 2024
Убакыт: 15:02
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Таластык тургундар айыл имамына үй салып берди (фото)

19.04.2023 10:31
334
Таластык тургундар айыл имамына үй салып берди (фото)



Сүйүнбай Шекербековдун демөөрчүлүгү менен Көк-Кашат айылынын имамы Бакыт Сатыбалдиевге жаңы, заманбап турак-жай салып берилди. Үйдү тапшыруу аземине Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев, айыл аксакалдары жана демөөрчү Сүйүнбай Шекербеков үй-бүлөсү менен катышты. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.


Облус казысы Көк-Кашат айылынын имамы Бакыт Сатыбалдиевге колдоо көргөзүп, турак-жай салып бергени үчүн демөөрчүгө ырахмат айтып, казыяттын атынан ыраазычылык кат тапшырды.



Ал эми айыл имамына үй белек кылган демөөрчү Сүйүнбай Шекербеков: «Кудайга шүгүр, мечиттерибиз заманбап, ар бир айылда эки-үчтөн мечиттерибиз бар. Эми мечитти иштетип, эл кызматын кылган имамдарга көңүл буруп, алардын жашоо шарттарын жакшырта турган мезгил келди», – деп билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн