Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 23:06
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Тарых. Мүнөз. Келечек

02.02.2023 15:28
7396
Тарых. Мүнөз. Келечек


Элчиликте сүйлөшүүлөр бөлмөсүн ремонттоп бүтүп, дубалга кандай сүрөт илсем экен деп көпкө ойлондум. Элчиликке келген ар кандай элдердин өкүлдөрү бул сурөттөн Кыргызстан жөнүндө максималдуу информация алыш керек. Бир эле убакта Кыргызстандын жаратылышын гана эмес, кыргыз элинин ой-тилегин, ниет-максатын, мүнөзүн жана тарыхын, келечегин көргөзүш керек. 


Көпкө ойлонуп отуруп, Семён Чуйковдун «Дочь Советской Киргизии» картинасынан өтөөрү жок экен деп чечтим. 


Сүрөттө Кыргызстандын жаратылышынын, тоо-талаанын фонунда томурайган айылдык кыз китеп кучактап, алыскы горизонтту тике карап, чечкиндүү кадам шилтеп бара жатат. Бул сүрөтто мындан 100 жыл мурунку Кыргызстандагы революциялык өзгөрүүлөрдүн бир көрүнүшү чагылдырылган. 100 жыл мурунку Кыргызстанда феминисттик кыймылдын күчөп турган кези экен. Сүрөттөгү кыз илим-билимге умтулган, келечекке ишенимдүү караган, өсүп-өнүгүүнү максат кылып, ал үчүн күрөшкөн жаштардын өкүлү.


Бул сүрөт биздин чоң эне, апа, эжелерибиздин образын берет. Алар ушундай болушкан. «Ата баланы, эне улутту тарбиялайт» дегендей, биздин эне-эжелерибиз улуттун мүнөзүн калыптандырышкан. Мүнөз - бул тагдыр демекчи, бул сүрөт биздин тарыхыбызды эле эмес, келечегибизди да чагылдырып турат.


Өмүрбек Текебаев, КРнын Германиядагы элчиси

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн