Бугу 03, 2025
Убакыт: 17:51
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Ташиев: Коррупцияга каршы күрөшүүдөн 8 млрд сом түшкөн, 5-6 млрд сому казынада турат

23.01.2022 13:26
836
Ташиев: Коррупцияга каршы күрөшүүдөн 8 млрд сом түшкөн, 5-6 млрд сому казынада турат




Өткөн жылы коррупция менен күрөшүүгө 8 миллиард сомго жакын каражат түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди.


Анын айтымында, бул каражаттын көбү мамлекеттик бюджетке келип түшкөн.


«Мамлекетте 5-6 миллиард сомдой акча бар. Калган каражат биздин атайын эсепте. Кылмыш иштери боюнча чечим чыгары менен тергөө иштери кандай аяктаса, бул каражаттар атайын эсепке түшөт», - деди Ташиев.


Ал кошумчалагандай, бул каражаттардын 1/5 бөлүгү УКМКнын атайын эсебинде турат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн