Баш оона 05, 2025
Убакыт: 07:44
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.085
1.110

Текебаевдин соту кайра жылды

07.12.2020 18:29
1038
Текебаевдин соту кайра жылды

Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Д.Чотоновдун соту кайра 14-декабрга жылдырылды. Бул тууралуу райондук соттон билдиришти.


Маалыматка ылайык,  бүгүнкү соттук отурумда судья материалдарды изилдөөнү улантканын, бул ишке бөлүнгөн убакыт аяктаганына байланыштуу отурум жыйынтыкталганын билдирди. Соттун кийинки отуруму 14-декабрга белгиленди.


Текебаев жана Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.


Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрүшөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн