Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 12:41
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Тик учак, аялдар, сансыз байлык. Болат Назарбаев дуулаган доор

17.11.2023 12:07
2178
Тик учак, аялдар, сансыз байлык. Болат Назарбаев дуулаган доор


Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү иниси Болат Назарбаев 13-ноябрда Алматыдагы борбордук клиникалык ооруканада каза болду. Он күн мурда Болат Назарбаев оор абалда ооруканага жаткырылганы тууралуу маалымат чыккан.

Алматынын борбордук клиникалык ооруканасынын басма сөз катчысы Полина Шиманскаянын “Азаттыкка” билдиришинче, бейтап дүйшөмбү күнү саат 9дан 51 мүнөт өткөндө узакка созулган оорудан улам көз жумган.

Болат Назарбаевдин каза болгонун Казакстандын экс-президентинин басма сөз катчысы Айдос Укибай X социалдык тармагында тастыктады.

"71 жашында Казакстан Республикасынын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү иниси Болат Абишулы Назарбаев узакка созулган оорудан улам каза болду", – деп жазды Укибай.


Былтыр жайында жергиликтүү маалымат каражаттары Болат Назарбаев катуу ооруп, арабага отуруп калганын маалымдашкан. Үйүндө креслодо отурган же медициналык керебетте жаткан видеолорун жарыялашкан.

Нурсултан Назарбаев президент болуп турганда Болат Назарбаев дагы экс-президенттин башка жакын туугандары сыяктуу эле Казакстандын эң бай адамдарынын тизмесине кирген. Эл арасында туңгуч президенттин бир тууганы кантип байыганы тууралуу ар кандай кептер айтылып келет.

2017-жылы kz.expert сайты Болат Назарбаев "башкалардын мүлкүн арзыбаган баага сатып алып" рейдерлик менен алектенип жүргөнүн жазган. “.kz” домендик аталышынан тышкары башка онлайн-басылмаларда да ушундай өңүттөгү маалыматтар чыккан. Ошондон бери андай маалыматтарды четке кагышкан да жок жана соттук дооматтар да болбоду.

Тик учактар, аялдар, эсепсиз байлыктар. Болат Назарбаев тууралуу эмнелер белгилүү?

Байкоочулардын баамында кандуу Январь окуясынан кийин экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрү жана алардын жакындары таасирин жоготуп, өлкөдө Болат Назарбаевдин ысымына же анын мүлкүнө байланышкан талаш-тартыштар жаралган. Аталган талаш-тартыштардын айрымдары сотко жеткен.

СОВХОЗДО ЖУМУШЧУ ЖАНА ҮЧ БАЛАНЫН АТАСЫ

1989-жылы июнь айында Нурсултан Назарбаев Казак ССРинин Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болуп, Казак ССРинин тизгинин колго алганда анын кичүү иниси туулган айылы Чемолганга жакын Каскелең шаарындагы нан заводунун жетекчисинин орун басары болуп турган.

"Дружба народов" журналынын 1987-жылдын сентябрь айындагы санында Нурсултан Назарбаевдин (ал кезде Министрлер Советинин төрагасы болчу) маеги жарыяланган.

Аталган маекте ал мурдагы башчысы, советтик Казакстандын абройлуу жетекчиси Динмухамед Кунаевге "каршы чыгууга батынгандан" кийин ар бир кадамы көзөмөлдөнүп турганын айткан. Бул тууралуу маалымат берип жатып, Нурсултан Назарбаев өзүнүн кичүү иниси жөнөкөй жумушчу экендигин да айтып өткөн.

"Иним совхоздо жумушчу, слесарь-сантехник болуп иштейт. Үч баласы бар, жубайы ашканада иштейт. Ал жакка да кишилерди жиберип, инимдин үйүн сантиметрине чейин ченешти. Үй мыйзамсыз курулганын, курулуш ченемдери сакталбаганын, иним менин кызмат абалыман пайдаланып мыйзамды буйтап өткөнүн далилдөөгө аракет кылышты... Баары мыйзам боюнча болчу, инимде ашыкча бир дагы метр жери жок эле!", – деген Нурсултан Назарбаев журналисттерге.

Нурсултан Назарбаев алгач Казак ССРинин, андан кийин эгемен Казакстандын президенти болуп шайлангандан кийин иниси Болаттын ташы өргө кулады. Ал ири бизнеске аралашып, BN Invest холдингин негиздеген. Коомчулукта Болат Назарбаев Казакстандын эң бай адамдарынын бири катары айтылып жатканы менен анын байлыгынын көлөмү тууралуу расмий маалымат аз.

1970-жылы Чемолган (азыркы Шамалган) айылындагы айыл чарба техникумун бүтүрүп, 2000-жылы 47 жашында Карагандыдагы "Фемида" юридикалык институтунун укук таануу адистиги боюнча дипломун алган Болат Назарбаев республикалык деңгээлдеги ар кандай бизнес-форумдарга жана бизнес жолугушууларга барчу эмес.

Ал эми YouTube сайтында жарыяланган видео роликтерден анын шаан-шөкөттөрдө көбүнчө кызыл көйнөк, кызыл туфли жана кызыл шым кийип же ак түстө кийинип жүргөнүн көрүүгө болот. Видеолордун биринде чөнтөгүнөн акча чыгарып, элге таратып жатканын көрөбүз.

Болат Назарбаев Казакстандагы, өзгөчө кичи мекени Алматы облусундагы эң таасирдүү адамдардын бири катары саналчу. Социалдык түйүндөрдө тараган түрдүү видеолордон ага акимдер өзгөчө урмат-сый көрсөтүп, полиция кызматкерлери коштоп жүргөнүн (мисалы, майрамдык иш-чарага баратканда) байкоого болот.

2019-жылдын күзүндө социалдык тармактарда Болат Назарбаев Казакстандын түштүгүндө талаада кичинекей уулуна сүннөт той берген видео жарыяланган. Ал тойдо ырчыларды ырдатып, балбандарды күрөштүрүп, ат чабыш да уюштурганы жана бекер тамак бергени талкууга түшкөн. Ал мурдараак мында тик учак менен учуп келип, аны бийиктиктеги сыйлуу жерге жансакчылары менен полиция кызматкерлери коштоп барган.

2015-жылы Австриянын абагында жалгыз адамдык камерада табышмактуу жагдайда каза болгон Нурсултан Назарбаевдин куугунда жүргөн мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев маектеринин биринде Болат Назарбаевге Алматы облусунун Карасай жана Жамбыл райондорундагы эбегейсиз жер тилкелери таандык экенин айткан.

"Биз Болат Назарбаевге барганыбызда, 80 миң гектар жер өзүнүн атына катталганын айтып мактанды. Алматыдан өйдө, алардын туулган айылы Чемолган жакта анын дагы бир үйү бар. Солдо, тоо тарапта хан сарай курган".

Алматы жана Алматы облусундагы "Алтын Орда" жана "Барлык" базарлары, "Барыс" автоунаа базары, "Үшкоңыр" соода борбору сыяктуу бир нече ири соода объектилери Болат Назарбаевге таандык деген сөздөр коомчулук арасында көп айтылып жүрөт. Алматынын "Никольский" базарынын айланасындагы чырда да Болат Назарбаев кожоюн экени аныкталган. Базардагы бизнес жүгүртүүдөн жана ири соода объектилерине ээлик кылуудан түшкөн чыныгы кирешени атүгүл болжолдоп баалоо да мүмкүн эмес.

Кандуу Январь окуясынан кийин бул мүлктөрдүн айрымдары соттук териштирүүлөрдүн предметине айланган.

2000-жылдардын ортосунан бери Болат Назарбаев бир нече жылдар бою "Казакмыс" компаниясынын деректирлер кеңешинин курамында болчу.

Forbes Kazakhstan журналы Казакстандагы эң ири жез казуучу компаниянын ээси Владимир Кимдин байлыгын 4,6 миллиард доллар деп баалаган, бирок казак оппозициясы бул компанияны Назарбаевдердин үй-бүлөсү менен байланыштырып келет.

Казакстан фондулук биржасынын (KASE) 2014-жылдын 1-сентябрындагы отчетуна ылайык, Болат Назарбаев 7,83 пайыз үлүшү менен Bank RBKнын жаңы акционери болгон. Бирок кийинки айлардагы банк отчетторунда Болат Назарбаевдин ысымы жок.

2016-жылдын жазында Украинанын Улуттук банкы Болат Назарбаевге Евробанктын 50 пайыз акциясын сатып алууга уруксат бергени, бирок андан кийин чечимди чакыртып алганы тууралуу кабар чыккан.

"ПАРАСАТ" ОРДЕНИНИН ЭЭСИ

2022-жылдын январына чейин бийликчил маалымат каражаттары Болат Назарбаевди көкөлөтүп, аны демөөрчү, максаты "калктын социалдык жактан аялуу катмарын колдоо" болгон "Татыктуу муун" ("Салиқалы ұрпақ") кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү катары жазып келишкен. Аталган фондду түзгөнү үчүн Болат Назарбаев 2016-жылы, агасы мамлекет башында турганда "Парасат" ордени менен сыйланган.

Ал бизнестеги таасири жана ийгилиги үчүн мамлекеттеги биринчи адамга гана милдеттүү деп сындагандардын дооматтарын четке кагып жүрдү.

"Адамдар агам жардам берет деп ойлошот. Ушул убакка чейин тигил же бул жакта иштегим келет деп андан кызмат сураган эмесмин. Эстүү кишинин аты-жөнүн эле айтсаң жетишет", – деген Болат Назарбаев бир нече жыл мурда жергиликтүү журналисттерге курган маегинде.

Болат Назарбаев таажы вирус (COVID-19) пандемиясы күчөгөн маалда агасы, Казакстандын экс-президентинин демилгеси менен түзүлгөн фондго 150 миллион теңге жардам берген. Бул фонд 2020-жылдын март айында Казакстанда таажы вирусуна байланыштуу карантин киргизилгенде негизделип, экс-президент коомчулукка кайрылуу жасаган. Мамлекеттик маалымат каражаттары Болат Назарбаевди үч мечит куруп, Меккеге төрт жолу зыярат кылган адам катары сыпатташкан.

2017-жылы Болат Назарбаев "Тууган жер" программасынын алкагында өзү туулуп-өскөн Алматы облусундагы Шамалган айылына 17 үй куруп, элге бөлүп берген. Бул жергиликтүү басма сөздө чоң кайрымдуулук иш-чарасы катары чагылдырылган.

2010-жылы Алматы облусундагы Кызылагаш суу сактагычынын дамбасы жарылгандан кийин расмий маалымат каражаттары Болат Назарбаев бул айылда муктаж болгондор үчүн жыйырмадай үй салганын жазышкан.

Ал 2019-жылы күзүндө Түштүк Казакстандын талааларында кичинекей уулунун сүннөт тоюн өткөргөн. Майрамга тик учак менен учуп келип, сыйлуу жерге жансакчылары менен полиция кызматкерлери коштоп барган.

Болат Назарбаев менен бир нече видеого чогуу тартылган жаш келиндердин бири социалдык тармактагы баракчасына өзүнүн баймана жашоосун чагылдырган көрүнүштөрдү, атап айтканда, гардеробундагы баасы бир нече миң долларга жеткен айрым буюм-тайымдарын чыгарган.

Болат Назарбаев – Нурсултан Назарбаевдин дээрлик отуз жылга созулган президенттигинде жана Казакстандын Коопсуздук кеңешин жетектеп турганда расмий түрдө жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлебеген саналуу туугандарынын бири. Бирок балдарынын мамлекеттик кызматка көтөрүлүшүнө жол ачканы анык. Анын кийинки аялдарынан балдары али жаш, бирок биринчи никесинен төрөлгөн балдары буга чейин Алматы шаарында же Алматы облусунда мамлекеттик жогорку кызматтарды ээлеп келди.

Экс-президенттин кичүү инисинин уулу Нурбол (1983-жылы туулган) Алматы облусунун прокуратурасында жана ички иштер органдарында жогорку жетекчилик кызматтара иштеген. Нурбол мамлекеттик кызматта жүргөндө миллиондогон долларлык белектерди тартуулап, ишкер чөйрөгө таасир эткендиги тууралуу кептер тараган. Ачык маалыматтар боюнча, ал бизнеске 2017-жылы өтүп, учурда "Прайм Кэпитал Холдинг" инвестициялык фондунун төрагасы.

Болат Назарбаевдин кызы Гүлмира Абишева (1975-жылы туулган) Алматы шаарынын юстиция башкармалыгынын башчысынын орун басары болгон, кийин Алматы шаардык сотунун судьясы, Алматы облустук сотунун судьясы жана Алматы калаасынын Жетисуу райондук сотунун төрагасы катары сот тутумунда иштеген. Январь окуясынан кийин ал 2016-жылдан бери ээлеп келген Алматы облусунун Карасай адистештирилген райондор аралык административдик сотунун төрагалыгы кызматынан кеткен.

Булак: "Азаттык" үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн