Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 15:56
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Тобокелсиз жана көп киреше убада кылышат. Улуттук банк каржы пирамидасынан сак болууга чакырат

28.02.2023 09:39
431
Тобокелсиз жана көп киреше убада кылышат. Улуттук банк каржы пирамидасынан сак болууга чакырат

Улуттук банк инвестициялык компаниянын атын жамынган каржы пирамидалары активдешип баратканын айтып, жарандарды сак болууга чакырды.

Маалыматка ылайык, алар коммерциялык банктардагы депозиттер боюнча ченден жогорку сумманы убадалап, тобокелдиктер жоктугун айтышат.


"Белгилей кетүүчү нерсе, инвестиция өтө тобокелчиликтүү операция болуп саналат, ар бир кадамды кылдат талдоону талап кылат. Инвестициялык компанияга каражат салардан мурун анын иштөө тартибин, лицензиялык уруксат кагаздарын, финансылык отчетторун жана башка мүмкүн болгон юридикалык документтерин изилдөө зарыл. Көпчүлүк учурда инвестициялык компаниянын атын жамынган каржы пирамидалары иштеп жатат, мында алдоо жана салынган каражаттан кур калуу тобокелдиктери бар", — деп эскертти башкы банк.


Мыйзамдын талаптарына ылайык, аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугу Улуттук банктын тиешелүү лицензиясын алган финансы-кредиттик уюмдарга гана таандык экени белгиленди. Алар тыкыр көзөмөлдө турат. Ошондой эле салымдар "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" мыйзам менен да корголот. Башка тараптар элдин акчасын көбөйтүп берем деп алууга укуксуз.

Улуттук банк мындай норманы бузгандар жоопкерчиликке тартыларын айтты.


"Ушул сыяктуу компанияларга карата кылмыш иши козголгон учурлар бар экендигин белгилей кетүү керек. Улуттук банк жарандарды акчасын "инвестицияларга" салуу процессине кылдат мамиле кылууга жана этият болууга чакырат. Инвестициялоодон мурун мүмкүн болгон бардык финансылык жана юридикалык документтерди изилдеп, инвестициялык келишимди кагаз түрүндө тариздөөнү талап кылуу керек", — деп жазылат билдирүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн