Аяк оона 18, 2025
Убакыт: 12:10
USD
87.30
87.80
EUR
102.90
103.90
RUB
1.045
1.075

Токиодо Кыргызстан менен Япониянын энергетикалык кызматташтыгы талкууланды

18.09.2025 10:05
10
Токиодо Кыргызстан менен Япониянын энергетикалык кызматташтыгы талкууланды


Токиодо Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев Япониянын экономика, соода жана өнөр жай министринин орун басары Такэхико Мацуо менен жолукту.


Ведомстводон маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу "Борбор Азия жана Япония" экономика жана энергетика министрлеринин II диалогуна катышуунун алкагында өттү.


Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин, анын ичинде гидроэнергетика, кайра жаралуучу энергия булактары жана энергия натыйжалуулугу жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.


Ошондой эле аз көмүртектүү өнүгүү, энергетикалык өтүү жана квалификациялуу кадрларды даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.


Министр Ибраев Кыргызстандагы долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөткөндүгү үчүн япон тарапка ыраазычылык билдирип, мындан ары да өнөктөштүктү тереңдетүүгө даяр экендигин баса белгиледи.


Өз кезегинде Такэхико Мацуо Япониянын Кыргызстан менен энергетика тармагындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө кызыкдар экендигин тастыктады.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү диалогду улантууну жана кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча биргелешкен ишти жандандырууну макулдашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн