Бугу 21, 2024
Убакыт: 20:44
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Токмок шаардык кеңешинин шайлоосунда "Эмгек" партиясы бир үйгө 100дөй адамды каттатканбы?

20.04.2021 14:22
1914
Токмок шаардык кеңешинин шайлоосунда "Эмгек" партиясы бир үйгө 100дөй адамды каттатканбы?

Токмок шаардык кеңешине ат салышкан төрт партиянын өкүлдөрү "Эмгек" партиясын шайлоо учурунда массалык мыйзам бузууга айыптады. Бул тууралуу партиянын өкүлдөрү маалымат жыйында билдирди. 


Маалым болгондой, "Бирге, "Эл Биримдиги", "Ата Журт Кыргызстан" жана "Республика" партиясынын өкүлдөрү "Эмгек" партиясына чара көрүүгө чакырышты.


"Биз Токмок шаардык аймактык шайлоо комиссиясына "Эмгек" партиясы тарабынан шайлоо эрежелери бузулп жатканы боюнча далилдер менен кайрылдык. Бирок АШК ага карата эч кандай чара колдонгон жок",- деди "Республика" партиясынын өкүлү.

Алар БШКга да арыз жазылганын кошумчаларды.


"Биз шаарыбызда жашаган ар бир адамды тааныйбыз. "Эмгек" партиясы бир үйгө 90-100 адамды каттатып, 3000 миңдей адамды өздөрүнө добуш бердирүү үчүн каттатты",- деди "Эл Биримдиги" партиясынын өкүлү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн