Чын курандын 17, 2024
Убакыт: 03:13
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.930
0.970

Токмок шаарында курал-жарак жашырылган жай табылды

Токмок шаарында курал-жарак жашырылган жай табылды

Токмок шаарынын аймагынан курал-жарак сакталган жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

                                                                                         Маалыматка ылайык,   УКМК тарабынан мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды алууга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР УКМК инженердик-сапердук тобу менен, 2023-жылдын 2-мартында Чүй облусунун Токмок шаарынын 3-кичи районунда жайгашкан аянттын түндүк-чыгыш тарабында ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жай табылды.


Ал жайда, желим баштыктан кесилген сайлуу мылтык (типтүү эмес ок атуучу курал) - 1 даана, револьвер тапанчасы - 1 даана, Макаров травматикалык тапанчасы (ПМ) - 1 даана, ПМдин магазини - 1 даана табылган, ПМдин травматикалык патрондору - 7 даана (9мм), аңчылык патрондору - 10 даана (16 калибр) жана 5,45 калибрдеги - 88 даана патрондор табылган. 


Ок атуучу куралдардын жана ок-дарылардын табылышынын боюнча Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан материалдар маалыматты каттоо журналына катталды.


Учурда куралдын ээлерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн