Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 09:36
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Токмок шаарында тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалды

Токмок шаарында тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалды

Токмок шаардык милициясынын тергөөчүсү пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.


Маалыматка ылайык, Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Б.Б.К. 7-мартта 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалган.


Тергөөчү Б.Б.К. кылмыш жоопкерчилигине тартуу коркунучу астында жарандардан бир нече жолу опузалап акча алуу менен алектенгени аныкталган.


Козголгон кылмыш ишинин алкагында Б.Б.К КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалып, тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүү үчүн УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди..

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн