Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 17:56
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Токтогул районунда жаңы Калкты тейлөө борбору ачылды

13.03.2023 12:52
402
Токтогул районунда жаңы Калкты тейлөө борбору ачылды

Токтогул райондук электр тармактар ишканасынын карамагында Калкты тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, кызматкерлерге ыңгайлуу шарт түзүлүп, тейлөө жагы бир жерде жүргүзүлүүгө өттү.


"Абоненттер эми мурдагыдай болуп адистерди ар башка кабинеттен издебей, бардык маселени ушул жерден чече алышат. Оператор, инженер, кассир, юрист, жаңы абоненттерди кириштөө үчүн атайын адис жана Токтогул РЭТинин жетекчисинин орун басары иш алып барат. Электр энергиясына болгон төлөмдөрдү кабыл алууда, эми кезекке туруу болбойт",- деп айтылат маалыматта.


Ачылуу аземине энергетиктер жана жергиликтүү бийлик катышты.


Токтогул район электр тармактар ишканасында 144 кызматкер эмгектенет, 10 айыл өкмөттү 1 шаарды, тактап айтканда жалпы 18 миң 952 абонентти электр энергиясы менен камсыз кылат.


Эскерте кетсек, калкты тейлөө борборлору буга чейин Жалал-Абад, Таш-Көмүр шаарларында, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда ачылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн