Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 21:39
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Токтогулда “Хизб ут-Тахрир” уюмунун материалдарын таркатып жүргөн жаран кармалды

29.03.2024 15:47
221
Токтогулда “Хизб ут-Тахрир” уюмунун материалдарын таркатып жүргөн жаран кармалды


Токтогулда “Хизб ут-Тахрир” уюмунун материалдарын таркатып жүргөн 44 жаштагы С.Р. аттту жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти. 

Милициянын маалыматы боюнча, Токтогул районунун аймагында район тургуну экстремисттик материалдарды таратып жүргөндүгү боюнча ыкчам маалыматтар алынган.

Аталган факты Жалал-Абад облусунун аймагында өткөрүлүп жаткан “Экстремист” операциясынын алкагында катталып, Токтогул РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү ресстрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин экстремистик материалдарды даярдоо жана таратуу беренеси менен катталган.

Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери тарабынан үстүбүздөгү жылдын 27- мартында Токтогул районунун тургуну С.Р. аттту жаран кармалып, андан уюлдук телефон, 8 даана ДВД диск жана “Фейсбук” аккаунтунан шек жараткан материалдар алынган.

Дин таануу экспертизалардын корутундусуна ылайык, интернет тармагы аркылуу башкалар менен бөлүшкөн материалдар Кыргызстандын аймагында сот тарабынан ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” уюмуна таандык материалдар экендиги аныкталып кылмыш иш козголгон.

Анын баш коргоо чарасы 28-мартта Токтогул райондук сотунда каралып, үй камагына чыгарылган.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн