Бугу 20, 2024
Убакыт: 18:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Токтогулда Карамолдо Орозовдун 140 жылдык маарекеси жана Комуз күнү белгиленди

08.09.2023 14:44
498
Токтогулда Карамолдо Орозовдун 140 жылдык маарекеси жана Комуз күнү белгиленди


Комуз күнүнө арналган жана залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 140 жылдык мааракесине карата Токтогул шаарынын борбордук аянтында майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, майрамга райондук балдар музыкалык мектебинин жана балдар чыгармачылык үйүнүн комузчулары катышты. Алар айтылуу Т.Сатылганов, К.Досуев, А.Огомбаев, К.Орозов жана бакшалардын күүлөрун чертишти. 

Иш-чарага райондук администрациясынын башчысы-акимдин орун басары А.Наватовна катышып, куттуктоо сөзүн айтып өттү.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 9-сентябрда Комуз күнү белгиленет. Иш-чара быйыл бешинчи ирет өткөрүлгөнү жатат. Быйылкы иш-чара залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 140 жылдык мааракесине арналат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн