Аяк оона 10, 2025
Убакыт: 07:36
USD
87.30
87.80
EUR
102.40
103.40
RUB
1.047
1.080

Тоңдун акими Таласка мэр болуп дайындалды

16.08.2024 16:12
572
Тоңдун акими Таласка мэр болуп дайындалды


Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Астанакулов Байышбек Кахроманович Талас шаарынын мэри болуп дайындалды.

Президент Садыр Жапаров кол койгон башка тескемеге ылайык Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Байышбек Астанакулов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн