Кулжа 12, 2025
Убакыт: 21:18
USD
87.30
87.80
EUR
100.80
101.80
RUB
1.085
1.125

Төрөттүн төмөндөшү жашоонун кымбатташына жана келечекке болгон тынчсызданууларга байланыштуу, - БУУ

11.06.2025 11:21
41
Төрөттүн төмөндөшү жашоонун кымбатташына жана келечекке болгон тынчсызданууларга байланыштуу, - БУУ


Дүйнө жүзү мурда болуп көрбөгөндөй тукум улоо кризисине чалдыкты. Бул тууралуу БУУнун Калктын саны боюнча фондунун (ЮНФПА) баяндамасында айтылды. Бул тууралуу Лента.ру агенттиги жазып чыкты.


Докладда төрөт тынчсыздандырарлык деңгээлге чейин төмөндөп кеткендиги белгиленди. Дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар социалдык жана экономикалык кыйынчылыктардан улам балалуу боло албай жатышат. Сурамжылоого катышкандар жумуш менен бала багууну айкалыштыруу оор экенин, өлкөлөрдүн демографиялык саясаты натыйжа бербей, саясий туруксуздук да көйгөй жаратып жатканын айтышкан.


ЮНФПАнын аткаруучу директору Наталия Канем изилдөөнүн жыйынтыгы тууралуу айтып жатып “бул көрсөткүчтөргө негизинен көпчүлүк адамдар өзү каалагандай үй-бүлө кура албай жатканы себеп болууда. Бул чыныгы кризис», - деп билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн