Бугу 02, 2024
Убакыт: 04:19
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Трамп АКШга болгон иммиграцияны токтотууга аракет кылууда

21.04.2020 18:46
858
Трамп АКШга болгон иммиграцияны токтотууга аракет кылууда


АКШнын президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттарына иммиграцияны токтотуу жөнүндөгү мыйзамга кол коюуга ниеттенип жатканын  “Твиттердеги” баракчасына жазып чыкты.  Анда “көзгө көрүнбөгөн душман” менен күрөшүү жана АКШ жарандарынын жумуш орундарын сактап калуу үчүн иммиграцияны убактылуу токтотуу жөнүндөгү жарлыкка кол коюну пландап жатканын жазган.


Иммигранттардын мыйзамдуу түрдө өлкөгө киришин чектөө аракети сотто каралышы ыктымал, себеби АКШда иммиграция федералдык мыйзамдар менен жөнгө салынат. Буга чейин да Трамп качкындардын жана иммигранттардын өлкөгө киришине убактылуу тыюу салууга аракет жасаган. Чечим ар түрдүү соттук инстанцияларда каралып, жарлыктардын көбүн Жогорку сот туура деп тапкан.


Соңку аптада Дональд Трамптын администрациясы АКШга мигранттардын мыйзамсыз киришине кошумча чектөөлөрдү киргизип, муну коронавирустун өлкөдө жайылуу коркунучу менен түшүндүргөн.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн