Кулжа 18, 2025
Убакыт: 14:54
USD
87.30
87.80
EUR
100.00
101.00
RUB
1.100
1.140

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолуна таш түшүп, тазалоо иштери жүрүүдө

18.06.2025 11:15
17
Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолуна таш түшүп, тазалоо иштери жүрүүдө


Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал - Казарман тилкесинин 277-278-чакырымдар аралыгына таш кулады. 


Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда таштар тазаланып, бир тараптуу каттам берилди. 


Белгилей кетсек, 18-июнга караган түнү саат 01:00-01:30 аралыгында жолдун жогоруда аталган тилкесине тоо боорунан таш түшүп, жолду бөгөп калган. Жерине дароо № 18 Жол тейлөө ишканасынын атайын техникалары тартылып, тынымсыз тазалоонун натыйжасында эртең менен саат 06:00дөр чамасында бир тараптуу каттам берилди. Азыркы тапта жолчулар тарабынан тазалоо, кеңейтүү иштери уланууда.


Ошондой эле Арал - Казарман жолунун 252-чакырымында да тоо боорунан түшкөн таштар тазаланып жатат. Каттам бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн