Кулжа 17, 2025
Убакыт: 12:07
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.140

Түптө эне-баланы сүзүп качкан айдоочу кармалды

04.03.2024 11:16
585
Түптө эне-баланы сүзүп качкан айдоочу кармалды


Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Михайловка айылында Volkswagen Golf III автоунаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды, деп билдирет Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын (ЖКККББ) маалымат кызматы.

Окуя 2-мартта болжол менен кечки саат 19:30да болгон. Кырсыктан 66 жана 17 жаштагы эне-бала жабыркаган.

Аталган факт боюнча ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө окуяга шектүү делип ошол эле айылдын 66 жаштагы С.В. аттуу жашоочусу кармалган. 

Учурда окуя боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн