Бугу 19, 2024
Убакыт: 10:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Түркистанда өткөн муфтийлердин конференциясынын алкагында Замир кары Ракиев казак муфтийи менен жолугушту

08.05.2022 13:33
427
Түркистанда өткөн муфтийлердин конференциясынын алкагында Замир кары Ракиев казак муфтийи менен жолугушту


Казакстандын түштүгүндө жайгашкан Борбордук Азиядагы эң байыркы шаарлардын бири Түркстан шаарында өтүп жаткан «Түрк элдеринин ислам цивилизациясынын өнүгүшүнө кошкон салымы» аттуу эл аралык конференциянын алкагында Казакстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Наурызбай ажы Таганулы Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев менен жолугушту.  Бул тууралуу КМДБнын маалымат кызматы билдирет.


Эки тараптуу жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөө маселеси талкууланды. Мындан тышкары Наурызбай ажы Таганулы эл аралык конференцияга келип, мазмундуу сөз сүйлөгөн Азирети Муфтий Замир кары Ракиевге ыраазычылык билдирди.


Белгилей кетсек, кечээ Түркстанда «Түрк элдеринин ислам цивилизациясынын өнүгүшүнө кошкон салымы» деген темада эл аралык конференция, ошондой эле «Муфтийлер коллегиясынын» биринчи жыйыны болуп, анда Азирети муфтийлер жана түрк тилдүү элдердин муфтийлери катышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн