Кулжа 16, 2025
Убакыт: 17:08
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.135

Түркияда аба шары кулап, 31 турист ар кандай жаракаттарды алышкан

16.06.2025 09:20
26
Түркияда аба шары кулап, 31 турист ар кандай жаракаттарды алышкан


Кечээ Түркиянын Аксарай шаарындагы Ихлара өрөөнүнөн учуп чыккан аба шарлары катуу шамалдын кесепетинен катаал конууга мажбур болгон. Натыйжада, шарды башкарган учкуч каза болуп, 31 турист ар түрдүү жеңил жаракаттарды алышкан. Бул тууралуу TRT Haber телеканалы билдиргенин Известия.ру агенттиги жазды.


Аймактын губернатору Мехмет Али Кумбузоглун бул туурасында “Тилекке каршы, биздин учкуч себеттин астында калып, каза болду. Туристтерибиздин абалы жакшы. Биз аларды тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирдик. Учурда медициналык текшерүүдөн өтүп жатышат», — деген.


Буга чейин да мындай окуя катталган. Ихлара өрөөнүнөн учуп чыккан аба шары Гюзельюрт районуна караштуу Белисырма айылына жакын жерде катаал конууга мажбур болгон. Анда 12 индиялык турист жеңил жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн