Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 17:59
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Түркияда алтын кенинде жер көчкү жүрүп, жумушчулар көчкүнүн алдында калды

14.02.2024 14:42
1620
Түркияда алтын кенинде жер көчкү жүрүп, жумушчулар көчкүнүн алдында калды


Түркиянын Эрзинжан провинциясында алтын кенинде жер көчүп түшкөнүн Sondakika телеканалы билдирди.


Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00 чамасында болгон.


Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин башчысы Али Эрликая НТВ телеканалында шахтадагы 667 жумушчунун “тогузу тууралуу маалымат жок” деп билдирди. Аларды издөөгө 400 куткаруучу катышууда.


"Адамдар жер астында калышы мүмкүн, алардын саны азырынча белгисиз", - деп кошумчалады провинциянын губернатору Хамза Айдогду.


Окуя боюнча административдик иликтөө башталып, аны төрт прокурор жүргүзүүдө, деп белгиледи Түркиянын Юстиция министрлигинин башчысы Йылмаз Тунч.


Жер көчүп түшкөн Чеплер кени Эрзинжан облусунун Илич шаарынан сегиз чакырым алыстыкта ​​жайгашкан. Ал 2010-жылдан бери иштеп келе жатат жана Anagold Mining Industry and Trade тарабынан башкарылат. 2022-жылы шахтада цианиддин бөлүнүп чыгышы катталган, бирок авариянын кесепеттери тез арада жоюлган.


Таш кулагандан кийин компания билдирүү таратып, анда "бул кайгылуу окуянын кесепеттерин азайтуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө" убада берген, деп белгилейт Duvar гезити.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн