Жетинин айы 05, 2025
Убакыт: 05:44
USD
87.30
87.80
EUR
100.20
101.20
RUB
1.075
1.105

Түркияда кыргызстандык куткаруучулар 154 адамдын сөөгүн чыгарды

15.02.2023 11:58
479
Түркияда кыргызстандык куткаруучулар 154 адамдын сөөгүн чыгарды

14-февралга карата Кыргызстандан Түркиянын Кахраманмараш провинциясында куткаруу иштерин жүргүзүп жаткан кызматкерлер 154 адамдын сөөгүн чыгарды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, Кахраманмараш шаарында кыргыз куткаруучулары 5 адамды уранды астынан аман-эсен куткарып чыгарышкан.


Азыркы учурда Түркияда издөө-куткаруу иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 100дөн ашык куткаруучу тартылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн