Бугу 01, 2024
Убакыт: 01:36
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Түркияда теракт жасоого даярданган деп кыргызстандык аял кармалганы айтылууда

02.04.2024 12:38
1354
Түркияда теракт жасоого даярданган деп кыргызстандык аял кармалганы айтылууда


Түркияда теракт жасоого даярданган деп эки шектүү кармалды. Анын бири кыргызстандык аял экенин РИА Новости Hürriyet гезитине таянып жазды.


Маалым болгондой, күч органдары "Ислам мамлекети"* террордук тобунун болжолдуу мүчөлөрү деген эки шектүүнү аңдып, аларды Пендик районундагы батирден кармашкан. Тинтүү учурунда шектүүлөрдүн жашаган жеринен милициянын жилети, кепка, рация, мылтыктын кабы, бычак жана электрондук материалдар табылган. Ошондой эле алар Түркияда теракт уюштурууну пландап жатышканы белгиленди.


"Соттун чечими менен биринчи шектүү Тажикстан жараны, 37 жаштагы Фазылджон А. камакка алынса, анын шериги деген 41 жаштагы Зульфия С. аттуу кыргызстандык аял Түркиядан депортацияланды", — деп айтылат маалыматта.


Басылма жазгандай, учурда тергөө шектүүлөр ИМ* террордук тобунда кимдер менен байланышканын аныктап жатат. Өткөн аптада Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая "Ислам мамлекети" террордук тобуна тиешеси бар деген 200гө жакын шектүү кармалганын билдирген. Ушундай эле операциялар Түркияда да үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги азырынча бул боюнча маалымат бере элек.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн