Бугу 22, 2024
Убакыт: 09:21
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Түркиядагы элчи Коргоо өнөр жай агенттигинин президенти менен жолугушту

28.03.2023 09:13
318
Түркиядагы элчи Коргоо өнөр жай агенттигинин президенти менен жолугушту

27-мартта Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлү Руслан Казакбаев  Түркия Президентинин алдындагы Коргоо өнөр жай агенттигинин Президенти доктор Исмаил Демир менен жолугушту. Бул тууралуу элчи социалдык тармактагы баракчасына жазды. 


Аталган Агенттик Түркиянын бардык коргонуу өнөр жайын башкарат. 


"Исмаил Демир мырза менен мамлекеттерибиздин ортосундагы аскердик-техникалык чөйрөдө, анын ичинде терроризм, экстремизм жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү сыяктуу заманбап чакырыктар менен коркунучтардын алкагында эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу маселелерин кеңири талкууладык",- деди элчи Казакбаев.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн