Бугу 05, 2024
Убакыт: 02:32
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Түркияга дарыланууга жиберилген учкуч Кыргызстанга кайтып келди

25.04.2024 18:36
159
Түркияга дарыланууга жиберилген учкуч Кыргызстанга кайтып келди


Коргоо министрлигинин тик учагы кырсыкка учураганда жабыркаган учкучтардын бири Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Б.М. аттуу учкуч Түркиянын Адана шаарында дарылануудан өттү. Ал түрк дарыгерлеринин сунушу менен ооруканадан чыгарылды. Эми аскер калыбына келтирүү курсун Кыргызстанда улантат.

Аны менен кошо учак кырсыгында жаракат алган жана Бишкек ЖЭБиндеги штаттык эмес кырдаалда жабыркаган дагы үч мекендеш Түркияда дарылануусун улантууда.

"Калган жабыркагандардын ден соолугунун абалы жакшы. Алар да жакын арада ооруканадан чыгарылат. Бейтаптарга Башкы консулдук тарабынан, Адана шаарында жашаган мекендештер тарабынан да жардамдар көрсөтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Бишкекте 17-январда тик учак кырсыкка учурап, 10 киши жабыркап, бирөө каза тапкан. Эки жабырлануучу Түркияга дарыланууга жиберилген. Ошону менен бирге 2-февраль түнү Бишкек ЖЭБинде авария болуп, 5 адам жаракат алган. Алардын экөөсүнүн денесинин 80-90%ы күйгөндүктөн, Түркияга учак менен жеткирилген болчу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн