Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Түштүк Кореядан Бишкекке 119 кыргызстандык жаран учуп келди

30.09.2020 09:52
888
Түштүк Кореядан Бишкекке 119 кыргызстандык жаран учуп келди

Түштүк Кореядан Бишкекке 119 кыргызстандык жана чет элдик жаран жеткирилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 119 адам Түштүк Кореянын "T’Way" авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген. Бул чартердик каттам элчиликтин жардамы менен кыргызстандык жана чет элдик жарандарды Кыргызстанга алып келүү максатында Түштүк Кореянын "Kyrgyzstan Catering and Air Global" компаниясы тарабынан уюштурулган.

Ошондой эле бул каттам менен жеке коргонуу каражаттардан турган гуманитардык жүк алынып келген.

Кыргызстандын элчилиги гуманитардык жардам көрсөткөн Түштүк Кореянын Корея өрт институтуна жана Сеул эл аралык достук уюмуна ыраазычылык билдирет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн