Бугу 07, 2025
Убакыт: 00:20
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.050
1.090

УКМК: 2010-жылы укук коргоо органдарынын кызматкерлерин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн жаран кармалды

18.08.2023 09:04
505
УКМК: 2010-жылы укук коргоо органдарынын кызматкерлерин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн жаран кармалды


Кечээ,17-августтта издөөдө жүргөн Ош облусунун Кара-Суу районунун 1973-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны «Х.Д.А.» чет мамлекеттин аймагында кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, кармалган адам 2010-жылдын июнь айында Ош облусунда болгон массалык баш аламандыкка активдүү катышкан деп шектелип, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айылында Коргоо министрлигинин кызматкерлери менен укук коргоо органдарынын кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катыштыгы бар деп шектелүүдө.


Козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган жаран Ош шаарындагы 5-Тергөө камак жайына киргизилет. УКМК 2010-жылдын июнь окуяларынын уюштуруучуларын жана көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген активдүү катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2010-жылдын июнь айында өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга карата эскирүү мөөнөтү колдонулбай турганын эскертет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн