Бугу 03, 2025
Убакыт: 05:19
USD
87.30
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.090

УКМК: “Альфа телекомдун” мурдагы жетекчиси кармалды

27.06.2023 16:35
652
УКМК: “Альфа телекомдун” мурдагы жетекчиси кармалды


MegaCom компаниясынын мурдагы башчысы А.Б. кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.


Ага ылайык, "Альфа Телеком" ЖАКтагы сатып алуулар системасында мыйзам бузуу фактылары аныкталган.


"Компаниянын жооптуу адамдары жеке компаниялар менен алдын ала сүйлөшүп алып, алар үчүн жеңилдетилген шарттарды даярдап, тендерлерде көп учурда ошол компаниялар ута тургандай кылып турушканы аныкталды. Иштин жүрүшүндө тиешелүү экспертизалар дайындалып, сатып алынган техниканын баасы жогорулатылганы, анын натыйжасында мамлекетке миллиондогон зыян келтирилгени такталды", — деп айтылат маалыматта.


Алынган далилдердин негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу") менен Азат Базаркулов кармалып, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн