Бугу 02, 2024
Убакыт: 09:59
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

УКМК: Аравандагы 307,1 млн сомду түзгөн жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды

02.04.2024 16:13
662
УКМК: Аравандагы 307,1 млн сомду түзгөн жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды


УКМК Ош облусунун Араван районундагы стадиондун жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен жер тилкесин мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.


Тактап айтканда, КР Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы “Юридикалык же жеке жактарга социалдык инфраструктура объекттерин менчиктин жеке же башка түрлөрүнө өткөрүп берүүгө тыюу салуу жөнүндө" Жарлыгын бузуу менен, 2001-жылы Араван А/Ө айылдык кеңеши тарабынан лицей жана спорт комплексин куруу үчүн, Араван айылындагы жалпы аянты 0,46 гектар болгон райондук стадиондун жерин жеке жактарга бөлүп берүү жөнүндө чечим чыгарылгандыгы такталды.


Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы базар баасы 307 135 118 сомду түзгөн аталган жер тилкеси жана анын аймагында жайгашкан, спорт жана билим берүү мекемелери мамлекеттин балансына кайтарылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн